«Жайыттарды туруктуу башкаруудагы көйгөйлөр»

Үстүбүздөгү жылдын 28−29 октябрь айында «Жайыттарды туруктуу башкаруудагы көйгөйлөр» деген темада С. Нааматов атындагы НМУ тарбынан эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга Украина, Германия, Орусия жана Кыргызстандагы ЖОЖдордон келген профессор, кандидат, окутуучу жана аспиранттар катышып, докладдар угулду. Конференция 2 күн иш алпарып, 28-октябрьда ачылыш аземинде пленардык отурум жүргүзүлүп, НМУнун ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловнанын, «Манас» университетинен кандидат, доцент Абдуллаев Абдыкерим Айтбаевичтин, Кыргыз улуттук агрардык университетинен окутуучулар жана БиОс проектисинин эксперти Асаналиев Абдыбек тиешелүү докладдары окулду. Андан сырткары Нарын районундагы Дөбөлү, Сары-ой, Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчылары келип катышышты.

Бул конференция ПРООН проектиси менен биргеликте өткөрүлүп, 29 октябрь күнү секциялар ишин жүргүздү. Жалпысынан 3 багыттагы секция иштеди:

  1. Табигый ресурстарды баалоо.
  2. Жайыттарды колдонуудагы экологиялык проблемалар.
  3. Жайыттарды пайдаланууда жана башкаруудагы натыйжалуулукту жогорулатуу.

Конференция сырттан жолугушуу форматын дагы колдонуп, катышуучулар он-лайн режиминде докладдар окулду. Баардык берилген докладдар НМУнун Жарчысына басмага берилип, жарыяланды. Конференциянын секциялары активдүү иш жүргүзүп, окулган докладдар кызуу талкууга алынган сон, резолюция кабыл алынып, тиешелүү инстанцияларга жеткирилди.

Жайыттар — кыргыз элинин байлыгы

IMG_7417 IMG_7403 IMG_7395 IMG_7412 IMG_7425 IMG_7438 IMG_7440 IMG_7459 IMG_7468 IMG_7474 IMG_7480