Жайыттар — кыргыз элинин байлыгы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик унвиерситеинде 2015- жылдын 28−29-октябрында «Жайыттарды туруктуу башкаруудагы көйгөйлөр» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга Кыргызстандын жождорунан, Россия Федерациясынан, Украинадан, Германиядан келген илимпоздор, окутуучулар, аспиранттар катышып, жайыттарды башкаруу маселелери боюнча мазмундуу баяндамалар жасалды жана талкууланды. Конференцияда жасалган баяндамалар агрардык экономиканын олуттуу тармагы болгон жайыттарды майнаптуу колдонуу, жайыт колдонууда кездешкен көйгөйлөрдү жеринде чечүү маселелерин кенен-кесири чагылтып, жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча маанилүү сунуштарды, кеңештерди да камтыды. Аталган илимий форумду уюштуруп өткөрүүгө жана анын жыйнагын басмадан чыгарууга ПРООН-ЮНЕПтин Кыргыз Республикасындагы «Жакырчылык жана жаратылыш» демилгеси көмөк көрсөттү. Илимий жыйындын тематикасы азыркы күндө кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн абдан олуттуу маселелер аймагын ичине алды. Эки күн бою жүргөн талкууларда төмөнкү багыттарда иш алпарылды: 1. Жайыттарды пайдалануунун экологиялык көйгөйлөрү; 2. Жайыттарды колдонуунун жана аларды башкаруунун майнаптуулугун арттыруунун көйгөйлөрү; 3. Жаратылыш ресурстарын колдонуунун майнаптуулугун баалоо.

Илимий жыйындын ишине окумуштуулар менен аспиранттардан тышкары Нарын облусунун, Нарын районунун жана Нарын шаарынын мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ПРООН-ЮНЕПтин координаторлору, эксперттери, жайыттардын көйгөйлөрүнө кызыккан активдүү жарандар да катышты. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын жайыттарынын ал-акыбалы, аларды майнаптуу колдонуу маселелери, жайыт колдонууну туруктуу башкаруу көйгөйлөрү бүгүнкү күндө акыл-эстүү адамдарды эч кайдыгер калтырбайт. Анткени, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүндө республиканын жайыт корунун ролу жана орду абдан зор. Мамлекеттин бюджетин толуктай турган киреше берүүчү эт-сүт, жүн, тери ж.б. өнүмдөр мына ушул жайыттардын аркасы менен өндүрүлөт. Жайыттар же ата-бабабыз атап келишкендей, жайлоолор эзелтеден бери элибиздин байгер, бакубат турмуш кечирүүсүнүн негизин түзүп келишкен. Бүгүн жайыттардын эл турмушундагы, эл чарбасындагы ролу уламдан-улам жогорулап бара жатат. Ошого жараша жайыттарды пайдалануу жана башкаруу жаатында түрдүү көйгөйлөр жаралууда.

Конференцияда окумуштуулар ортого салышкан маанилүү илимий пикирлерге, тыянактарга, сунуштарга орун бере кетелик.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулары, эи.д., профессор Д.К.Омуралиева жана э.и.к. Д.О.Бекирова жайыт пайдаланууда чет элдик жана ата мекендик тажрыйбаларды колдонуу жакшы майнап берерине токтолушат. Алар өз баяндамасында Монгодлияда, Тажикстанда, Казакстанда, Кытайда жана Кыргызстанда жайыт пайдалануу ишмердиги кандай жолго коюлганын, бүгүн бул жаатта эмне маселелерди чечүү абадай зарыл болуп турганын талдашат. Окумуштуулардын ою боюнча «бардык жайыт бирикмеси өз алдынча башкаруунун аймагындагы бардык жайыт пайдалануучулардын жана коомчулуктун таламдаш кызыкчылыктарын көздөшү» керек.

Ушул эле окуу жайдын өкүлү, окумуштуу Ж.А.Асановдун баяндамасында жайыттардын майнаптуулугунун методологиялык жана практикалык маселелери каралат. Ал «массалык түрдө, системасыз жүргүзүлүп жаткан жайыттарды, жайлоолорду „менчиктештирүүнү“, мергенчилик чарбаларына берүүнү токтотуу зарыл» деп белгилейт. Жайыттар жалпы коомчулуктун энчиси болушу керектигине көңүл бурат.

Украиналык окумуштуу, Николаев улуттук агрардык университетинин өкүлү Л.К.Антипова өз өлкөсүндө жайыттардын кызмат кылуусунун айрым бир аспектилерине токтолот. Ал айыл чарба ээликтеринин бул түрүнүн Украинада кыскаргандан кыскарып бара жатканын белгилейт. Анын ою боюнча «жайыттардагы көп жылдык чөптөрдүн тоюттук сапатын арттыруу үчүн бир катар иштерди — сугат тутумдарын калыбына келтирүүнү, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди зарыл көлөмдө колдонууну, түрдүү өсүмдүктөрдү комбинациялап эгүүнү кечиктирбей колго алуу зарыл».

Россиялык изилдөөчү, Петр I атындагы Воронеж мамлекеттик агрардык университетинин өкүлү А.В.Линкина жайыттарда жашыл чатырларды түзүү жер иштетүү тутумун экологизациялоого өбөлгө болоруна көңүл токтотот. Ал бүгүнкү күндө экологиялык принциптерге негизделген адаптивдүү агроландшафттарды түзүү маанилүү маселе экенин белгилеп, бул агроландшафттардын мозаикалуулугун эле жогорулатып тим болбой, айыл чарба жаныбарларынын, кыргызча айтканда төрт түлүк малдын өнүмдүүлүгүн арттырууга көмөктөшөрүн айтат.

Ушул эле россиялык окуу жайдын өкүлдөрү З.П.Меделяева менен С.М.Ляшко өздөрү даярдаган баяндамада жайыттарды колдонуунун майнаптуулугун жогорулатуу маселесине назар салышат. Алар мал чарбачылыгын учур талабына ылайык уюштуруунун жана табигый жайыт ээликтерин майнаптуу пайдалануунун ар кыл формаларын сунушташат. Окумуштуулар сунуштаган уюштуруучулук-колдонуучулук чарба жүргүзүү формалары мал чарбачылыгынын тоютка болгон керектөөсүн камсыздоого, аны табигый жайыттардан арзан өндүрүүгө жардам берет.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин окумуштуулары А.А.Абдуллаев, И.А.Илбаш, М.К.Джунусова чогуу даярдаган баяндамада табигый жайыттарды тоют болуучу өсүмдүктөрдү кошумча эгүү жолу менен жакшыртуунун жолдору талданылган. Алардын пикиринде «табигый тоо шалбаасына түрдүү өсүмдүктөрдү эгип, алардын азыктанууга жана сууга болгон талабын канааттадырып, органикалык жана минералдык жер семирткчитерди берип» Кыргызстандын тоолуу жайыттарынын түшүмдүүлүгүн толук арттырууга болот.

Нарындык окумуштуулар Э.М.Байбагышов, А.К.Мамырбаев жана германиялык профессор Ю. Цайтц биргелешип даярдаган баяндамада жайыттардын табигый калыбына келүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо маселеси каралат. Алардын пикиринде «Жайыт пайдалануучуларды жайытты колдонуу ыкмаларына окутуу, жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча демонстрациялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу» керек.

Ошентип, жогоруда кыскача баяндалгандан айкын болгондой, Нарын шаарында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн жайыттарды колдонуу жана башкаруу маселелерине арналган конференция азыркы учурда республикабызда өтө актуалдуу болуп турган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табуу өңүтүндө иш жүргүздү. Албетте, азыр Кыргызстанда малдын башы улам барган сайын көбөйүүдө. Бул болсо жайыт колдонуу көйгөйлөрүнө илимий негизде мамиле кылуу, жайыттарды колдонуунун майнаптуулугун арттыруу жолдорун издөө зарылдыктарырн жаратууда. Андыктан, бул конференцияда айтылган ойлор, берилген сунуштар жерде калбайт. Конференциянын резолюциясы тиешелүү бийлик органдарына жеткирилип, жайыттарды туруктуу башкаруу маселелерин алар менен биргеликте чечүү чаралары сөзсүз кабыл алынат. Бул өңдүү илимий жыйындардын жыйынтыктары калктын калың катмарларына жеткирилсе, кыргыз коомчулугун жайыт колдонуу маданияты артат. Ал эми мунун натыйжасында баарыбыз сүйгөн мекенибиздин — Кыргызстандын экономикалык күч-кубаты жогорулайт. Сөздүн чынында, табигый жайыттар — кыргыз элинин зор байлыгы. Демек, аларга көңүл буруу, камкор мамиле кылуу, мал чарбачылыгындагы майнаптуулугун арттыруу маселелери эч убакта күн тартибинен түшпөйт.