Табигый- илимдик дисциплиналар кафедрасы

Билим менен куралданган адам — жеңилбес.

(М. Горький)

Химия жана биология адистиктери 1999-жылы ачылып, ошол жылдан бүгүнкү күнгө чейин Республикага керектүү жогорку билимге ээ болгон химик, биолог окутуучуларды жана мугалимдерди даярдайт. Химик жана биология адистигинде ээ болгондор мугалимдик кесиптен сырткары: илим изилдөө институттарында, жогорку окуу жайларда, экологиялык багыттагы иштерде, ооруканалардагы ооруунун диагноздорун аныктоочу биохимиялык лабораторияда, санэпидемиялык жана ветеринариялык кызматтагы анализди жүргүзүүчү лабораторияда иштей алышат, өзгөчө, химия адистигин бүткөндөр кийинки убактарда бажы (таможня) кызматында иштей башташты. Себеби, кандай гана продукт- материал болбосун химиялык анализден өтмөйүнчө пайдаланууга уруксат берилбейт.

Кафедра башчысы; биология илимдеринин кандидаты

Ибраева Назгуль Илиязовна

Бакалавр: Химия, биология жана геогафия мугалими

Профили: «Химия мугалими»

Окуунун формасы: күндүзгү, дистанттык
Окуунун мөөнөтү: 8 семестр (4 жыл)
Адистикке тапшырууга талаптар: ЖРТ-110 балл, кошумча химия 60тан жогору
Контрактык негизде окууга төлөм: Күндүзгү: * 23 100сомдон жогору,
Сырттан: * 20 900 сомдон жогору
Аккредитация: 2025-жылга чейин
Бюджеттик орун:
Кайсыл уюмдарда иштөө мумкунчүлүгү бар: Билим берүү мекемелерде, илим изилдөө институтунда
Кошумча маалымат алуу: Ибраева Назгуль Илиязовна-0700 083 570, кафедра башчысы, nasgul123@mail.ru