Кафедранын тарыхы
«Педагогика жана окутуунун технологиялары» университеттин алгачкы кафедраларынын бири. Алгач «Педагогика» кафедрасы деп түзүлүп, 30 жылдан бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип, көптөгөн бүтүүрүчүлөрдү эмгек рыногуна чыгарууда.
Кафедранын программасынын миссиясы — Нарын регионунун жана Кыргызстандын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келген башталгыч мектептин, көркөм билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерге квалификациялуу тарбиячы педагог адистерин даярдоо.
Кафедранын максаты — башталгыч класстын мугалимдерин, көркөм билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерге тарбиячы педагогду даярдоо, окутуунун методикаларын жана окутуу-тарбиялоо процессин уюштуруунун заманбап технологияларына ээ болгон ар тараптуу өнүккөн, руханий дөөлөттүү, улуттук маданиятка ээ болгон, компетенттүү адистерди даярдоо.
Бул кафедра төрт адистикте иш алып барат.
- Педагогика жана башталгыч билим берүүнү — ар бир инсан биринчи тамга тааныткан, билим илимдин башатын үйрөткөн устаты менен сыймыктанат ошол эле учурда абдан жогорку деңгээлдеги профессионалдык даярдыкты, таза аруу адамдык касиеттерге, мүнөздөргө калыптанууну талап кылат. Башталгыч мектептин мугалимдеринин эң башкы айырмачылыгы -өзүнүн кесибин жогору баалоо жана жеткинчектерди сүйүү, алардын жан дүйнөсүн терең түшүнүү.
- Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү — мектепке чейинки билим берүү адистигинин кадрлары бийик профессионалдык курамды түзүшү керек жана алар кесиптик — педагогикалык баалуулуктардын жаңы системасын алып жүрүүгө, жогорку деңгээлдеги кесиптик компетенттүүлүккө жооп берген, өзүн-өзү жана инсанды кесиптик өнүктүрүүгө жөндөмдүү, педагогикалык чыгармачылыкта өзүн көрсөтө алган кадрлардан болуусу керек.
- Көркөм билим берүү адистиги — ар бир илимдин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү болгондой эле, көркөм өнөр исскуствосунун дагы өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Ар бир эл, улут өзүнүн көркөм маданиятын окуу, үйрөнүү жана өркүндөтүү үчүн дүйнө элдеринин көркөм маданиятын окуп үйрөнүүдө жаш өспүрүмдөрдүн келечекке болгон көз караштарын калыптандыруучу компетентүүлүккө ээ болушу керек.
- Тарых адистиги— ар бир элдин өткөнүн, маданиятын, баалуулуктарын жана өнүгүү жолун терең түшүндүргөн өзгөчө мааниге ээ тармак. Тарых мугалими окуучуларга жөн гана фактыларды үйрөтпөстөн, алардын тарыхый аң-сезимин, мекенчилдик сезимин жана сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандырат. Ошол эле учурда бул адистик жогорку деңгээлдеги профессионалдык даярдыкты, кеңири дүйнө таанымды жана адамдык бийик сапаттарды талап кылат. Тарых мугалиминин негизги өзгөчөлүгү - өз кесибин сүйүү менен бирге, окуучуларга өткөн менен азыркыны байланыштырууну үйрөтүү, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзүү. Ал окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, тарыхый окуяларга туура баа берүүгө, өз алдынча анализ жүргүзүүгө багыт берет. Мындан тышкары, тарых адистигинин өкүлдөрү улуттук жана дүйнөлүк тарыхты айкалыштыра билген, заманбап педагогикалык технологияларды колдонгон, чыгармачыл жана изденүүчүлүк сапаттарга ээ адистер болушу зарыл.
Кафедра тиешелүү окуу куралдары менен толук жабдылган жана ар бир предметтер боюнча окутуучулар тарабынан жумушчу программалар, силлабустар, студенттердин өз алдынча иштери боюнча методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыгууда. Студенттердин илимий жактан кызыгууларын арттыруу максатында «Жаш педагог», «Жомоктор дүйнөсүндө» «Чебер» илимий кружокторуу уюштурулуп, студенттер арасында олимпиадалар, илимий конференциялар жана кечелер уюштурулуп турат. Кафедрада сабактар учурдун талабына ылайык интерактивдүү методдор менен өтүлүп келет.
Кафедранын жетишкен ийгиликтери:
- Россиянын табигый билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлгөн улуттук программа № 1 778 2017-жылы 24 апрелде «Россиянын алтын кафедрасы» диплому менен сыйланган.
- 2017-жылы профессор Т.М. Сияев кафедранын мүчөсү «Константин Ушинский» атындагы медалга татыктуу болгон.
- Борбордук Азиянын билим берүүсүн реформалоо долбоорунун алкагында Германия эл аралык кызматташтыгы менен «Активдүү окутуунун формалары «дисциплинасы окуу планына 2017- жылы киргизилип, азыркы учурда методикалык жактан өз жемишин берүүдө.
- 2018−2019-окуу жылында кафедранын окутуучулары Мамбеталиев Ж.Т., Султаналиева Ш. К. жана Асанкулова М.К. «Келгиле, окуйбуз» долбоору менен кызматташтыкта болуп, практикалык сабактарды өткөрүүнүн эффективдүү жолдорун университеттин окуу планына киргизип, жакшы көрсөткүч бергендиги үчүн проэктор менен сыйландык.
- Доценттин милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Г. А.Касымова Прогрессивдүү идеялар боюнча коомдук фонд тарабынан уюштурулган «Акыл тирек» конкурсунун катышуучусу.
- 2021-жылы кафедранын ага окутуучусу Ж. Мамбеталиевдин «Билим, илим жана чыгармачылык» аттуу сүрөт көргөзмөсүн кафедрада уюштурду.
Студенттердин жетишкендиктери:
- ПНО-16 Орозобаева Айжан педагогика факультинин студенттер арасында жүргүзүлгөн рейтингдин жыйынтыгы менен окуудагы эң жакшы жетишкендиги үчүн 1-орунда камсыз кылып президенттин стипедиясына ээ болду. 2019 — жыл
- ПНО-17 Алмазбекова Нурданат педагогика факультинин студенттер арасында окуудагы эң жакшы жетишкендиги үчүн 1-орунда камсыз кылып президенттин стипедиясына ээ болду. 2020 — жыл
- ПНО-23 Жолдошбекова Айгүл Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун арасында өткөн илимий сынакта (илимий жетекчиси — педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Асанкулова Мазира Кочоровна) экинчи оорунду алды. Жалпысынан сынактын финалына 15 студент өткөн. Алардын арасынан Жолдошбекова Айгүл өзүнүн жогорку даярдыгын, терең билимин жана илимий изилдөө жөндөмүн көрсөтүп, экинчи орунду ээлеп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
- ХО-22 Жумабек кызы Нурайым Ж. Баласагын атындагы КУУ жана «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлгөн «МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ!-2026» эл аралык сынагынын «Мыкты видеопрезентация» номинациясынын жеңүүчүсү болду. 2026-жыл
Кафедра иштеп турган жыйырма беш жылдын ичиндеги даярдаган адистер, алды илимдин кандидаттары, жогорку окуу жайларда, жалпы билим берүүчү мекемелеринде жөнөкөй мугалимден тартып, жетекчи кызматтарда жана массалык маалыматтык кызматтарда ж.б. мекемелерде, эмгектенип келе жатышат. Нарын облусунун элге билим берүү тармагын жогорку билимдүү кадрлар менен камсыздоодо кафедра чоң эмгек өтөп келет.
Азыркы учурда кафедранын профессордук окутуучулук курамында
1 профессордун м.а., 1 доценттин м.а. 5 илимдин кандидаты, 2 ага окутуучу жана 4 окуутучу, бир методист эмгектенет.
