Урматтуу С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, колледждердин окутуучулары жана студенттер!

Биздин окуу жай Россиянын ири тексттик базасына 25.02.2021-ж. 26.03.2021-ж.бекер кирүү мүмкүнчүлүгүн алды. Электрондук-китепканалык система IPR BOOKS (www.iprbookshop.ru).

IPR BOOKS электрондук китепканалык системасы 140 000ден ашык басылмаларды камтыйт, анын ичинен 50 000ден ашыгы уникалдуу окуу жана илимий басылмалар.

Авторизациялангандан кийин маалымат базасына өтүү мүмкүн, ал үчүн ЖАҢЫ колдонуучу кайсыл жерден болсо да интернет бар компьютерден, мобилдик телефондон авторизациядан өтүп, андан кийин электрондук китепкана системасына өзү кириши керек.

Каттодон өтүү үчүн Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканадан логин паролду алсаңыздар болот.

Бул системадан керектүү китебиңизди оңой эле таап аласыз. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, билимиңиздерге билим кошуп пайдаланыңыздар!

Баардык суроолор боюнча кайрылыныздар: 0706 53 366, Library@nsu.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *