Урматтуу кесиптештер! Урматтуу куттуу университетибиздин профессордук-окутуучу курамы!

Сиздерди кесиптик майрамыбыз — Мугалимдер күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм!

Мугалим бул түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда ардактуу кесип. Анткени, биздин коомдун дээрлик жарымын түзгөн балдар жана жаштар күн сайын мугалимдин билимин жана таалим тарбиясын алышат. Мугалим — бул чоң сыймык, бул кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Элибиздин рухий байлыгы билим аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Жогорку билим берүүчү мугалимдердин атайын миссиясы, өзгөчө милдеттери бар. Кантсе да, дал ушул университеттерде келечек түптөөчүлордүн, жашоонун бардык тармактарынын адистеринин кесиптик калыптануусу түптөлүп өркүндөйт.

«Мугалим мөмөлүү дарак» деп бекеринен айтылбаса керек, анткени күнүмдүк, талыкпаган эмгегибиз менен, биз, урматтуу кесиптештер, чыныгы жаран, ата-эне, адам, инсанды жаратабыз. Жаш муун кандайча эрезеге жетээри, жаштар кандай адеп-ахлактык багыттарга умтулаары биздин акылмандыгыбыз, тажрыйбабыз, жарандык жоопкерчиликтүү позициябыздан көз каранды.

Кымбаттуу кесиптештерим, чын дилимден, чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм! Сиздердин иштериңиздерде ар дайым чыгармачылыктын жана оптимизмдин маанайы болсун!

Терең урматтоом менен,

Ректор, профессор Т.М.Сияев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *