«Топурак монолитин даярдоо» темасында ачык сабак өттү.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинде «Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылынын алкагында «Региондо билим жана илимди өнүктүрүү - келечектин инвестициясы» аталыштагы жумалыгынын алкагында, 13-мартта «Экология жана айыл чарба» багытында окуган ЭП-17, ЭП-16, ТСП-18, ТСП-19 тайпаларынын студенттерине окутуучу Акматов Кубан «Экологиялык изилдөө ыкмалары» предметинен «Топурак монолитин даярдоо» темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун директордун орун басары, окутуучу Өмүралиев Талантбек Сарыкулович, НМУнун Билим сапатын камсыздоо башкармалыгынын башчысы Ашыров Эркин Тынымсейитович, АТФтин АТД кафедрасынын башчысы Оторова Сайрагүл Турсуновна, АТД кафедрасынын лаборанты, окутуучу Автандил кызы Венера келип катышышты. Теориялык билим темадагы илимий изилдөөлөр менен айкалыштырылды жана студенттердин компетенттүүлүгүн калыптандырууда практикалык иш менен бышыкталды.
АТФ маалымат кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *