С. Нааматов атындагы НМУнун проф.м.а., т.и. к. А. Бектемирова «Россия Мамлекетинин театралдык тарыхы» деген темада Санкт-Петербургда болуп өткөн XVI билим берүү программасына катышып келди

2019-жылдын 10-апрелинен 21-апрелине чейин Санкт-Петербургда чет өлкөлөрдө жашашкан мекендештер үчүн, Россиянын тарыхы боюнча «Россия Мамлекетинин тарыхы» (Маданий-тарыхый университет) XVI билим берүү программасы болуп өттү.Ага С. Нааматов атындагы НМУнун педагогика факультетинин тарых, социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын проф.м.а., т.и. к. А. Бектемирова катышып келди

XVI программага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн: Азербайжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Германия, Греция, Грузия, Дания, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Нидерланды, Норвегия, Өзбекстан, Украина, Финляндия, Швеция, Эстония мамлекеттеринен алтымыш эки өкүл катышты.

Кызыкчылыктары менен кызыгуулары Россиянын тарыхын окуп-үйрөнүү менен ажырагыс түрдө байланышкан, өзүнүн тарыхый мекенинин чектеринен сырткары жашашкан адистер үчүн, Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча комитети кесиптик билимдерин жогорулатуу, ошондой эле, Россия жана россиялык кесиптештери менен руханий жана маданий байланыштарын чыңдоо үчүн коммуникациялык-билим берүүчүлүк аянтча уюштурулду.

Программаны ачуу салтанаттуу аземи «Россия — менин тарыхым» мультимедиялык тарыхый паркында болуп, ал жерде меймандар үчүн заманбап комплекстин экспозициялары боюнча экскурсия, ошондой эле «Таанышуу күнү» интерактивдүү сабагы уюштурулду.

Программанын билим берүүчү бөлүгү А. С. Пушкин атындагы Россия мамлекеттик академиялык драма театрынын (Александриялык) Жаңы сценасына баруудан башталып, ал жерден катышуучулар РГИСИнин театралдык көркөм өнөр кафедрасынын башчысы, көркөм өнөр таануунун доктору, Россия Федерациясынын көркөм өнөрлөрүнүн эмгек сиңирген ишмери, К. С. Станиславский атындагы сыйлыктын лауреаты Александр Чепуров менен жолугушуу болду.

«Россия Мамлекетинин тарыхы» программасынын алкагында катышуучулар Санкт-Петербургдун театралдык чөйрөсүнүн жетектөөчү адистери менен бардыгы болуп он алты дарстарга жана төрт «тегерек-үстөлгө» катышышты.

Дарстардан жана «тегерек-үстөлдөрдөн» сырткары меймандар үчүн иш-чаранын тематикасы боюнча Ф. Шаляпиндин үй музейинде «Артист жана анын каармандары», Самойловдор актёрлор үй-бүлөсүнүн музей-батиринде «Эски театрдын уламыштары менен болмуштары», театралдык жана музыкалык көркөм өнөрдүн Санкт-Петербург мамлекеттик музейинде «Театралдык уламыштар» экскурсиялары уюштурулду, ал жакта улуу сүрөтчүлөр тарабынан аткарылган декорациялардын эскиздерин, легендарлуу дүйнөлүк жана орусиялык атактуулардын портреттерин, императордук театрлардын гардеробунан костюмдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга Орус драмасынын музейинин экспозияларына, Александриялык театрдын интерьерлерине экскурсиялар өткөрүлдү. Экскурсия убагында Карета галереясы боюнча кыдыруу, Көрүүчүлүк жана Падышалык фойеге баруу; санжыргалуу көрүүчүлөр залына суктануу мүмкүнчүлүгү берилди. Катышуучулар адатта көрүүчүлөрдүн көзүнөн оолак катылган театрдын сырдуу турмушуна сүңгүү бактысына ээ болушту, аларга Падышалык ложанын жана император Николай I нин Жеке ложасынын сырларын ачуу, 2006-жылкы реконструкция учурунда көрүүчүлөр залынын астанасынын алдынан табылган таңгаларлык табылгалар жөнүндө билип, ошондой эле акустикалык түтүккө барып жана көп сандаган театралдык уламыштарды угуп, ар бир театрда спектакль эле көргөзүлбөстөн көрүүчүлөр кенен таанышуу үчүн, ролдорду аткарган өнөрпөздордун чыгармачылыгы тууралуу ар түрдүү маалыматтарды (а.и. XVIII -XIX кк. таандык баалуу экпонаттар) камтыган музейдин болушуна күбө болуп кайтышты.

Катышуучулар үчүн Ленсовет атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык театрына баруу жагымдуу сюрприз болду, ал жерде катышуучулар Россиянын эл артисти Олег Леваков койгон «Айыпсыз айыптуулар» спектаклин көрүштү.

Программанын катышуучулары Петербург боюнча автобустук-жөө экскурсия жасашты жана Санк-Петербург мамлекеттик театралдык китепканасына барып, ал жерде дароо эки көргөзмөнү: «Сергей Барковский. Чыгармачылык портретин» жана «Мейерхольддун театры. Императордук сценаны» көрүүгө мүмкүн болду. Экспозициялардын кураторлору россиялык театр жана кино актёру, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти Сергей Барковскийдин чыгармачылыгы жөнүндө жана орус сценасынын улуу реформатору Всеволод Мейерхольддун 1908−1917-жылдардагы, ал Императордук театрдын секилери үчүн спектаклдерди түзгөн учурдагы чыгармачылыгы жөнүндө айтып беришти.

Программанын өзгөчө жана бир эле мезгилде эң сезим козгоор учуру Пискарев мемориалдык көрүстөнүнө баруу болуп калды, ал жерде катышуучулар Ленинград блокадасы мезгилинде курман болгондорду эскерип, Эне-Мекен монументине гүлчамбар жана гүл коюшту.

Билим берүү программасынын жабылыш салтанаты Санкт-Петербург театралдык жана музыкалык көркөм өнөр мамлекеттик музейинде болуп өттү.

Аягында ар бир катышуучу Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча комитетинен эстеликке белектерди жана тастыктамаларды, көптөгөн жакшы сөздөрдү жана кайра жолугушууга чакыруу алышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *