С. Нааматов атындагы НМУга кантип тапшыруу керек?

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети өзгөчө кырдаал шарттарында саламаттыкты сактоо максатында абитуриенттердин документтерин онлайн-шарттамда кабыл алат.

Бул үчүн кесиптик орто же кесиптик жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар абитуриенттер (колледждер менен ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү) жана чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле ЖРТнын натыйжаларынан көз карандысыз даярдоо багыттарына (Көркөм билим берүү, Адабий чыгармачылык, Дизайн жана Дене тарбиясы) тапшырууну каалаган орто мектептин бүтүрүүчүлөрү adilbek.1971@mail.ru электрондук почтасына төмөнкү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн жөнөтүүлөрү тийиш:

1. Паспортунун (idcard) сканерленген фотосүрөтүн.

2. Кесиптик орто же кесиптик жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломунун (колледждер менен ЖОждорджун бүтүрүүчүлөрү), жалпы орто билими жөнүндө аттестатынын сканерленген фотосүрөтүн (ЖРТнын натыйжаларынан көз карандысыз даярдоо багыттарына: Көркөм билим берүү, Адабий чыгармачылык, Дизайн жана Дене тарбия)

3. Абитуриенттин фотосүрөтүн (өлчөмү 10*15тен чоң эмес)

4. Тапшырууга арызын (Тапшырууга арыздын калыбын бул жерден жүктөп алууга болот: Тапшыруу үчүн арыздын калыбы).

Бардык документтер текшерилген соң абитуриенттин электрондук почтасына документтердин кабыл алынганын тастыктаган кат барат.

Жалпы орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (мектептердин бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 20-июлунда башталат.

Тапшыруунун биринчи туру 2020-жылдын 20-июлунда, экинчи туру — 27-июлунда, үчүнчү туру — 3-августунда башталат.

Негизги орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (9-класстардын бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 1-июлунда башталат.

Кыйла кенен маалыматты сиздер төмөнкү телефондор боюнча биле аласыздар:

+996 700 522 988

+996 700 229 758

+996 701 580 909

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *