С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жаӊы ректору шайланды

2019-жылдын 6-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору кызматына шайлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага НМУнун башкаруу аппаратынын кызматкерлери, факультеттеринин жана Нарын агрардык-экономикалык колледжинин, Нарын педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучулук жамааты катышышты. Шайлоо жабык добуш берүү жолу менен өтүп, жыйынтыгында ат салышкан төрт талапкердин ичинен педагогика илимдеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Монолдорович катышкандардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болду.

2019-жылдын 15-апрелинде КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Т.М.Сияевди С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалгандыгы тууралуу буйрукту бекитип, 16-апрель күнү Нарын шаардык музыкалык мектебинде расмий жыйын болуп өттү.

Жыйынга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Т.Т. Абылкасымов, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлүнүн орун басары Ж.Б. Ибраева, Нарын шаарынын мэри Э.А. Алымкулов жана НМУнун профессордук-окутуучулук жамааты катышышты. Алгач министрдин буйругу окулуп, андан сон катышып отурган коноктор жана НМУнун жамаатынын өкүлдөрү өз куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Урматтуу Таштанбек Монолдорович!

Сизди С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланышыныз менен чын-жүрөктөн куттуктап, Сиздин ишинизге албан ийгиликтерди каалайбыз!

ФОТО

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *