«Сезимдердин тун булагы китеп деген, жан дүйнөнү байыталы ырлар менен»

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында адабий музыкалык поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде НМУнун окутуучулары Б. М. Биймурсаеванын жана Р. К. Саркелдееванын чыгармачылыгы чагылдырылды. Алардын калемине таандык ырларынан көркөм окуу жана сөздөрүнө жазылган обондуу ырлар жаңырды. Акын эжекелерибиз сүйүү, ата-эне, туулган жер тууралуу ырларын окуп беришти. Ошондой эле экинчи бөлүктө С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борборуна келген кыргыз тили жана адабияты курсунун угуучулары студенттерди китеп окууга үндөп, китепке болгон кызыгуусун арттырууда китеп жөнүндө ой толгоолорун ортого салышты. Нарын шаарындагы № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Иличбек кызы Назик «Китептин арманы» монологу менен катышуучуларга чоң таасир калтырды. 2022−2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Китепкөй окурман», «Китепкөй окурман окутуучу», «Китепкананын досу», «Мыкты окурман» номинациясынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Китепканага китептер белекке берилди. Акындарга университет жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Илим жана өнүктүрүү боюнча проректор Адилет Сүйүндүкович, мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректор Эсен Абдраевич, илимий китепкананын директору Гүлзат Алмамбетовна азыркы күндөгү эң баалуу кенч болгон китепти артык баалап, китептин досу, сырдашы болуусун баса белгилешти. Ошондой эле китепканачылар тарабынан «Китеп окурманын издейт» аталышындагы китеп көргөзмө уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *