«Региондо билим жана илимди өнүктүрүү - келечектин инвестициясы»

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинде «Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылынын алкагында 9-марттан 13-мартка чейин «Региондо билим жана илимди өнүктүрүү - келечектин инвестициясы» аталыштагы иш жумалыгынын алкагында жана жогорку окуу жайлардын ортосунда ички жана сырткы кызматташууну чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору Өмүралиев Асан Сыдыгалиевич, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин «Техносфералык коопсуздук» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Өмүров Жыргалбек Мокешович, Кыргыз Республикасынын жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын инженер программисти Алтынбек Усенбеков келип Агрардык-техникалык факультетинин студенттерине лекция окушту.
Ошондой эле, Асан Сыдыгалиевич С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасына 1900 (бир мин тогуз жүз) китеп белекке берип, билим берүүгө кошкон зор салымы үчүн Агрардык-техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын 41 аудиториясына физика-математика илимдеринин доктору, профессор Өмүралиев Асан Сыдыгалиевичтин ысымы ыйгарылып, Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы берилди.
НМУнун басма сөз кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *