НМУ бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети өзүнө караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору боюнча төмөнкү кызмат орундарына АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
1. Борбордун директору — 1 штаттык бирдик;
2. Борбордун катчы-референти — 1 штаттык бирдик;
3. Борбордун инженер-программисти — 1 штаттык бирдик;
4. Предметтер боюнча методисттер — 12 штаттык бирдик:
1) Кыргыз тили жана адабияты боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
2) Орус тили жана адабияты боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
3) Чет (англис) тили боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
4) Математика боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
5) Мектепке чейинки билим берүү боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
6) Башталгыч билим берүү боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
7) Тарых, адам жана коом, адеп, дин маданияты боюнча методист — 1штаттык бирдик;
8) Биология, химия, география боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
9) Физика, информатика, социалдык педагогика боюнча методист — 1штаттык бирдик;
10) Дене тарбиясы, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, сергек жашоо мүнөзү боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
11) Мектепке чейинки мекемелердин жана мектептин менеджменти боюнча методист — 1 штаттык бирдик;
12) Көркөм өнөр, технология, музыка, китепкана таануу боюнча методист — 1 штаттык бирдик.
Конкурстун шарттары:
— Тиешелүү предметтер боюнча жогорку билимге ээ болушу;
— 5 жылдан кем эмес педагогикалык стажысы болушу;
— Илимий даражасы жана наамы барларга, республикалык кароо- сынактардын жеңүүчүлөрүнө, окуу китептеринин, окуу-усулдук колдонмолордун авторлоруна, семинар-тренингдердин катышуучуларына артыкчылык берилет.
Тапшырууга керектүү документтер тууралуу НМУнун кадрлар бөлүмүнө кайрылып, толук маалымат алууга болот. Документтер жарыя расмий маалымдалган күндөн тартып, 15 (он беш) жумуш күнү ичинде кабыл алынат.
Байланыш телефондору:
(3 522) 5 08 13, 0700 22 97 58 (Илимий иштер боюнча проректор)
(3 522) 5 18 42, 0703 79 01 88 (Кадрлар бөлүмүнүн инспектору).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *