НМУнун студенттери жана окутуучулары тарыхый жерлерде экскурсияда

1-май 2019-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери Кыргызстандын аймагында жайгашкан тарыхый жерлерге экскурсияга чыгышты.

Тарыхый жерлер жана музейлер жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ. Бекеринен чет мамлекеттерде, өзгөчө АКШда TWHP концепциясын (Тарыхый жерлер аркылуу окутуу) киргизбесе керек. Мына ушундай багытта студенттерди тарыхый жерлер жана музейлер менен тааныштыруу максатында экскурсия уюштурулду.

1-маршрут.1916-жылы болуп өткөн улуттук-боштондук көтөрүлүштө курман болгондорго арналып коюлган эстеликке токтоп, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окулду. Андан кийин окутуучу М. Жумабаев улуттук-боштондук көтөрүлүш жөнүндө, анын себептерин, болуп өткөн окуялар жөнүндө студенттерге айтып берди.

2-маршрут. Чүй өрөөнүндөгү Tокмок шаарынан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик — Буранага саякат. Студенттер Бурана мунарасынын жанында жайгашкан музей менен таанышып чыгышты. Музейдин кызматкери Турдугул айым Бурана мунарасы жана музейде коюлган экспонаттардын тарыхы жөнүндө маалымат берди.

3-маршрут.Караханийлер дооруна таандык Кум-Дөбө айылында жайгашкан Кочкор-Башы шаар чалдыбарына саякат. Бул жерден студенттер 40 чоронун күмбөзү деп аталган күмбөздөрдүн тобун, шаардын талкаланып, бирок бир аз калдыктары сакталып калган жерлерди көрүштү. Кум-Дөбө айылынын тургуну, «Ыйык Мурас» ассоциациясынын президенти К. Коңурбаев Кочкор-Башы шаар чалдыбарынан табылган археологиялык табылгаларды топтой берип жеке менчик музей ачкан. Студенттер музейден ар түрдүү артефактыларды көрүшүп, бул жерде орто кылымда шаар маданияты өнүккөндүгүнө күбө болушту. Дагы бир өзгөчө уникалдуу эстелик Төрт-Күл шаар чалдыбарынан түндүк-чыгыш тарабындагы 3,4−4 метр чакырым аралыкта Көк-Таш аталышындагы жерде караханиддер дооруна мүнөздүү жер алдында сакталып калган 2 комнаталуу күмбөздү да көрүштү. С. Нааматов атындагы университетинин педагогика факультетинин профессордун м.а. Бектемирова А.К. студенттерге Кочкор-Башы шаары жана ушул күмбөз тууралуу кызыктуу баяндап берди. Экскурсия кызыктуу жана жемиштүү болду, студенттер аудиторияда алган билимдерин практика жүзүндө бекемдей алышты. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандын ЖОЖдору, мектептери жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо, музейлердин, тарыхый жерлердин педагогикалык дараметин мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонууга аракет кылышса, алда канча утуш алмак.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *