НМУнун студенттери жана мектеп окуучулары Жениш күнүн белгилешти

2019-жылдын 8-май күнү С. Нааматов атындагы НМУнун Педагогика факультетинин «Табигый-илимдик билим берүү» кафедрасынын 2-курсунун ЕНО-17 группасынын студенттери жана Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын А. Жутакеев атындагы орто мектебинин 8-«Б"классынын окучулары менен биргеликте 9 МАЙ ЖЕҢИШ күнүнө карата «МЕН АТАМДЫ ЭСКЕРЕМ» деп аталган чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерүүгө арналып, студенттер жана окуучулар тарабынан кыскача чыгармачылык номерлердин аткарылышы менен коштолуп, сонунда эскерүү жөө жүрүшү уюштурулду да Жан-Булак айылынын Жениш паркына гүчамбарларды коюуу менен аяктады. Бул майрамды уюштуруудагы салымы үчүн Педагогика факультетинин «Табигый-илимдик билим берүү» кафедрасынын башчысы Н. Ибраевага, А. Жутакеев атындагы орто мектептин директору Сагындык уулу Миргазы, тарбия иштери боюнча орун басары А.Т.Асанкожоевага, 8-«Б"классынын класс жетекчиси Э.Өмурбековго терең ыразычылык билдиребиз.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *