Нарын университетинин кызматкерлери көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча тегерек столго катышты

2018-жылдын 26-апрелинде Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Эразмус Плюс программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында көз карандысыз коомдук аккредитация боюнча уюштурулган тегерек столго С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Окуу бөлүмүнүн башчысы Ажыбаев Дүйшөнбек Мокешович, маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы Бейшеналиева Уулкан Усенбековна жана KyrMedu долбоорунун НМУдагы координатору, агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасынын доценти Байбагышов Эрмек Муратканович катышып келишти.

Тегерек столдо KyrMedu долбоору тууралуу презентация-баяндама жасалды, ошондой эле, билим берүү уюмдарын жана окуу программаларын аккредитациялоо агенттиктеринин (ААОПО, EdNet) өкүлдөрү аккредитациянын негизги талаптары тууралуу презентацияларын жасашты.

KyrMedu долбооруна өнөктөш-университеттерден келген катышуучулар «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча окуу программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча талкуу өткөрүштү.

Тегерек столдун жыйынтыгында «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынды.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *