Нарын мамлекеттик университетинин адистиктери көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүштү

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин Аккредитациялык кеӊешинин 8-май, 2018-жылдагы отурумунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 550 600 — «Көркөм билим берүү», 670 300 — «Транспорттук процесстердин технологиясы», 520 800 — «Экология жана жаратылышты пайдалануу», 532 000 — «Дене тарбия» адистиктерин 5 жылга аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Аталган адистиктерди аккредитацияга даярдоо иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган. Өткөн 7 айдын ичинде атайын иштелип чыгып, бекитилген пландын негизинде ишмердик жүргүзүлдү. 2018-жылдын 10−11-апрелинде көз карандысыз аккредитациянын жыйынтыктоочу этабы — тышкы экспертиза жүргүзүлүп, республикалык жана эл аралык эксперттер Нарын университетинин окуу ишмердиги менен жеринен таанышып, баалап кетишкен.

Университеттин кызматкерлери көз карандысыз аккредитациянын окуу жайдын ишмердигин жакшыртууга чоӊ салым кошорун, окуу жайдын өнүгүшүнө стимул берерин белгилеп жатышат.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жалпы жамаатын аккредитациядан ийгиликтүү өтүшүбүз менен куттуктайбыз!

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

code

English English Кыргызча Кыргызча Русский Русский