
Кайсы окуу жайга тапшыруу керек жана кайсы кесипти тандоо зарыл?
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Кымбаттуу ата-энелер!!!
Сиздер, эң маанилүү чечим чыгаруунун алдында турасыздар — кайсы окуу жайга тапшыруу керек жана кайсы кесипти тандоо зарыл? Кайсы гана мамлекет болбосун, кайсы гана мезгил болбосун — жогорку окуу жайынын негизги статусу Көз карандысыз чет элдик агенттиктердин расмий жыйынтыктары менен аныкталат. Акыркы эки жылдан бери Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгүн Казакстандын Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтингди аныктоо агенттиги (НААР/IAAR) баалоодо. НААРдын ишмердүүлүгү дүйнөлүк стандартка дал келет, аны бир канчаган эл аралык уюмдар тастыктаган. НААР жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн 3 критерий менен аныктайт:
- Окуу жайдын адистерди даярдоо боюнча институционалдык рейтинги (жалпы мүнөздөмөлөрдүн негизинде);
- Окуу жайдын программалык рейтинги (бакалавриат жана магистратура);
- Окутуучулардын рейтинги (ТОП — 30).
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2020-жыл үчүн НААРдын рейтингинде эң алдыңкы орундарды камсыз кылды.
Биринчи критерий боюнча:
- Педагогикалык билим берүү - 3-орун;
- Гуманитардык илимдер — 9-орун;
- Экономика жана башкаруу — 12-орун.
Экинчи критерий боюнча:
- Педагогика — 2-орун;
- Транспорттук процесстердин технологиясы — 2-орун;
- Социалдык-экономикалык билим берүү - 2-орун;
- Физика-математикалык билим берүү - 3-орун;
- Филологиялык билим берүү - 3-орун;
- Табигый-илимдик билим берүү - 4-орун;
- Экономика — 11-орун.
Үчүнчү критерий боюнча:
НААРдын эң күчтүү окумуштуулар боюнча ТОП — 30 тизмесинде жалпы 255 окутуучу көрсөтүлсө, анда С. Нааматов атындагы НМУнун — 36 окумуштуусу алдыңкы орундарды камсыз кылышты.
Демек, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын алдыңкы окуу жайларынын бири болуп саналат. Сиздерди университеттен күтөбүз!!!