Казак студенттери НМУдан билим алышат

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алмашуу программасы боюнча түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде 2017−2018-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында мобилдүүлүк боюнча Казакстандын Алматы университетинин 8 студенти НМУда билим алышууда. Казак студенттери Нарын мамлекеттик университетинин информатика, англис тили, педагогика, биология жана тарых багыттарында окушат.

Алар менен бирге Алматы университетинин 2 доценти НМУнун профессордук-окутуучулук жамааты менен тажрыйба алмашууда.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *