АТД кафедрасынын студенттери илимий — изилдөө жүргүзүшүүдө

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык дисциплиналар" кафедрасынын докторант, аспиранттары «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу» адистигинин студенттери менен бирдикте жаздын келишин Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасындагы жол кесилиштериндеги кыймыл тартиптерин изилдөөдөн башташты. Изилдөөнүн жетекчиси АТФ кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Э.Д. Молдалиев. Бул изилдөөнүн жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге аталган жерде жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштар киргизилмекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *