ТАМАК-АШ БОЮНЧА ОКУУ ЦЕХИН УЮШТУРУУ МАКСАТЫНДАГЫ ҮЧ ТАРАПТУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун, JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун координатору Харагучи Акихиса мырзанын жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияевдин катышуусунда тамак-аш боюнча окуу цехин уюштуруу максатындагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду.

Аймактын экономикасын өнүктүрүү, студенттердин, өндүрүшчүлөрдүн иш тажрыйбасын жогорулатуу, жаңы азыктарды сыноодон өткөрүү максатындагы иш багыттар үч тараптын биргелешкен аракети менен жүзөгө ашат.
Меморандумдун талаптарына ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл «Бир айыл, бир продукт» долбоору менен Нарын мамлекеттик университетинин ортосундагы байланышты бекемдеп, керектүү жардамдарды берет. Нарын мамлекеттик университети 4 жылга Агрардык экономикалык факультеттен акысыз окуу бөлмөсүн берип, иш ыргагын координациялайт. Ал эми «Бир айыл, бир продукт» долбоору окуу цехти ремонттоп, керектүү жабдуулар менен жабдыйт. Жаңы тамак-аш азыктарынын технологияларын иштеп чыгат.

Эске салсак, JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоору 2018-жылдын 1-мартынан баштап Нарын облусунун аймагында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Долбоор Нарындын бренди болгон нукура азык түлүктөрдү кайра иштетип, жаңы тамак-аш азыктарын өндүрүп чыгарууга жана аларды экспорттоого шарт түзүп келет. Түзүлгөн Меморандум ушул иштерди улантууга өбөлгө болмокчу.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *