30 апреля, 2026

МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

Магистратура бөлүмүнүн башкаруучулук түзүмү

Магистратура бөлүмүнүн директору — п.и.к., доцент Султаналиева Шайыркүл Карыпбековна

Директордун орун басары жана жетектөөчү адис- Рысалиева Динара Шайлооевна;

Башкы адис — Бердикожоева Назгул Чымырбековна;

Лаборант — Орокбаева Нурзада Таалайбековна.

Магистр — бул илимий чыгармачылыктын методологиясына жана методикасына, азыркы маалыматтык технологияларга, ар түрдүү маалыматты анализдөөжана синтездөө көндүмдөрүнө ээ, илимий — изилдөөчүлүк милдеттерди өз алдынча чечүүгө, долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жөндөмүү, илимий — изилдөөчүлүк, талдоочулук жана педагогикалык ишмердүүлүккө даярдалган кеңири эрудициялуу адис.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура бөлүмү 2008-жылдын 7-июнундагы НМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык магистердик борбору болуп уюшулган.

2009-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо мамлекеттик инспекциясынын чечими менен № 15/10 протоколунун негизинде лицензия № 338, каттоо № 1−447 негизинде алты багыт боюнча магистранттарды даярдоого уруксат берилген:

  • Менеджмент

  • Экономика

  • Автоматташтыруу жана башкаруу

  • Педагогика

  • Философия

  • Саясат таануу

«БИЛИМ-СТАНДАРТ» көз карандысыз аккредитациялоо борборунун 2021-жылдын 15-январындагы № 1а/2021буйругу менен «Менеджмент», ал эми 2023-жылдын 6-майындагы № 2а/2023 буйругу менен «Педагогика», «Филологиялык билим берүү», «Физика-математикалык билим берүү» багыты боюнча магистранттарды даярдоого уруксат берилген.

Магистратура жөнүндө жалпы маалыматтар

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!