WEB-иштелмеси боюнча компьютердик курсунун ачылыш аземи болуп өттү.

Бүгүн, 10-декабрда, НМУнун Педагогика факультетинин имаратында денсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга WEB-иштелмеси боюнча компьютердик курсунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул долбоорду ишке ашырып, колдоо көрсөткөн GIZ уюму болду. Курстун ачылышына жергиликтүү бийлик органдарынан, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнөн өкүлдөр катышты. Азем университеттин студенттеринин аракети менен даярдалган чакан концерт катышуучуларга жакшы маанай тартуулады. Аземдин ачылышын «Бухгалтердик эсеп, каржы жана туризм» жана «Маалыматтык технологиялар» кафедраларынын уюштуруучуларына жана студенттерине ыраазычылык билгизебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *