MedExpo көргөзмөсүнө жана KyrMedu долбоорунун тегерек столуна НМУнун окутуучулары катышып келишти

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучуулары, Агрардык-техникалык факультетинин деканы доцент Чекирова Гүлмира Кожобековна жана Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасынын профессору Байбагышов Эрмек Муратканович, 2018-жылдын 12−13-апрель күндөрү Бишкекте өткөн MedExpo көргөзмөсүнө катышышты. Анда Кыргызстанда медициналык аспап-жабдыктарды сатуучу жана камсыздоочу компаниялар өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Эразмус Плюс программасынын KyrMedu долбоорунун алкагында НМУда жаңы ачылган «Саламаттык сактоодогу информатика» адистигине сабак берүү үчүн медициналык чакан аспап-жабдыктарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле, 13-апрель күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте KyrMedu долбоорунун алкагында тегерек столго катышуу болду. Тегерек стол тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден окууга болот: http://edu.gov.kg/ru/news/v-bishkeke-obsudili-voprosy-podgotovki-kadrov-po-biomedicinskoj-inzhenerii-i-informatike-v-zdravoohranenii/

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *