НМУнун бүтүрүүчүлөрү менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу

Бүгүн 21-июнда Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин электроэнергетика багытынын бүтүрүүчүлѳрү Нарын райондор аралык экотехинспекция башкармалыгынын ачык эшик күнүндө болушту. Анда аталган мекеменин кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө инспекциянын аткарган кызматтары, анын милдеттери жөнундө кенири маалыматтарды беришти. Жолугушуу учурунда мекеме кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөр ортосунда жумуш орду менен камсыз болуу, келечек кесип ээлерине коюлган талаптар, ж.б. суроолор арасында талкуу болду. Андан сон мекеме кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө кен келечек каалап, кесипкөй адис болууга тилектештигин билдиришти.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *