Китепкананын тарыхы
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасы 1996-жылдын 22-майында Нарын айыл чарба техникумунун базасында ачылган. 20 400 нуска китеп фонду менен бир китепканачы иштеген.
1999-жылы сентябрь айында «Илимий китепкана» деген статус берилген.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 27-июнь, 2016-жылдагы чечими менен Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдык мааракесине карата НМУнун илимий китепканасына акын, журналист, юрист Жедигер Саалаевдин ысымы ыйгарылган.

