08/02/2024
08/02/2024


20/03/2025
20/03/2025
Кыз-жигит оюну «Сармерден 2025»
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсанды руханий — адеп — ахлактык жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы», «Улуттук нарк» жөнүндө жарлыктарын ишке ашырууда, «Нооруз» майрамына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы тарабынан уюштурулган «Сармерден — 2025» кыз-жигиттер айтышы 2025-жылдын 20-мартында болуп өттү. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, бул таймаш буга чейин Агрардык техникалык-экономикалык жана К. Мамбетакунов атындагы Педагогикалык колледждин студенттеринин арасында болуп өткөнүн белгиледи. Ал эми бүгүнкү таймаш Агрардык-техникалык факультеттин уландары жана Педагогикалык факультеттин кыздары арасында уюштурулду. Жобого ылайык катышуучулар 10 бөлүктөн турган тапшырмалар боюнча ат салышты. Алар: саламдашуу, ыр жанры боюнча тамашалуу ыр, элдик ыр, макал-лакап, жаңылмач, ак ийнек айтышуу, кыргыздын каада-салтын көрсөтүү менен иш чараны шаңга бөлөдү.
Калыстар тобунун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти С. Көгөева, Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин Нарындагы филиалынын жетекчиси С. Иманалиев жана Педагогика колледжинин директорунун орун басары Б. Сыдыгалиева эки команданын таймашын калыстык менен карап беришти. Жыйынтыгында Педагогика факультетинин кыздары 1-орунга суурулуп чыкты. Уландар командасы да кем калышкан жок. НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Э. Саргашкаев өз сөзүндө студенттерди ар дайым окууда да, коомдук иштерде да активдүү болууга чакырды. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды жана дипломдорду тапшырды. Ыраазычылык каттар берилди. Илимий китепкана тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Кийинки кезек экономика факультетинин уландары жана филология факультетинин кыздарына узатылды. Сармерден оюну кызыктуу өтүп, улуттук баалуулуктарды сактоо жана студенттерди маданий жактан өнүктүрүү болгон максатына жетти.
Урматтуу катталуучулар жана окуу — жайдын жалпы жамааты, студенттер! Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Орозоңуздар кабыл болсун! Табият жаңылангандай ар бириңиздердин жан дүйнөңүздөр жаңылансын, аруулансын!
Урматтоо менен Илимий китепкананын жамааты.


31/10/2023
31/10/2023



27/10/2023
27/10/2023
«Илимий билимдерге ачык жеткиликтүүлүк«.
26−27-октябрда НМУнун илимий китепканасында «Ачык жеткиликтүүлүк» (Open access) жумалыгынын алкагында, студенттер, китепканачылар, окутуучулар үчүн тренинг болуп өттү. Бул иш чарада китепкананын директору Г. А.Кыдыралиева илимий коммуникациялар чөйрөсүндө, илимий эмгектерди жарялоодо, илимий маалымат алмашуу жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларына эркин жетүүнү камсыз кылууда ачык жеткиликтүүлүк тууралуу кенен айтып берди. Ачык лицензиялар тарыхына да токтолуп, институттук репозиторийлер тууралуу да маалымат берди. Китепкананын программисти Төрөбек уулу Шабданбек ачык жеткиликтүулүк тармагынан маалыматтарды издөо, сактоо жана аны менен иштөө мехнизмдерин практика жүзүндө көрсөтүп берди. Ошондой эле илимий китепканын электрондук ресурстары, EIFL-китепканалар үчүн электрондук маалымат консорциуму, EBSCO компаниясынын электрондук продукциялары тууралу да кеңири маалымат берип өттү. Катышуучулар тарабынан берилген көптөгөн суроолорго тренерлер жооп беришти.



25/09/2023
25/09/2023
Урматтуу Нуржан Уметкуловна!
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттеринин маданий жактан өнүгүшүнө, билим алуусуна зор салым кошуп келдиңиз. Азыркы күндө илимий китепкана ишенимдүү кадам менен келечекти көздөй, жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү жана китеп окуу традицияларды сактоо менен туура багытта бара жатканына кошкон салымыныз зор. Китепкана заманбап, маалыматтык — маданий борбор болгону анык. Өзүнүн ишине берилген, чыгармачыл, кесипкөй китепканачы катары сизди билебиз. Ошондой эле китеп окууну алга жылдырууда, көп түрдүү агартуучулук ишмердүүлүктү жүргүзүүдө натыйжалуу иш аракеттерди аткарып келдиңиз.
Сиздин ардактуу эс алууга кетүүңүз менен, өз ишин мыкты билген кесиптешти эле эмес, жаштарга туура жол көрсөткөн, бийиктиктерге шыктандырган устатты узатып жатабыз. Сиздин берген билимиңиз, кесиптик кеп кеңештериңиз китепканачылардын жүрөгүндө ар дайым сакталып калат.
Сизге чын ден-соолук бакыт каалап жашооңуздун жаңы этабында бактылуу көз ирмемдерин көп болушуна тилектешпиз.



13/09/2023
13/09/2022
Белек- көңүлдүн ачкычы,
маанайдын жакшысы!
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультети Нарын шаарынын 155 жылдыгына карата иш чара уюштурушту. Иш чарага Улуттук илимдер Академиясынын илим изилдөөчүсү, Нарын шаарынын ардактуу атуулу Каныбек Бокоев НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасына өзүнүн «Кыргызстандагы полиция- милиция кызматтары» аталыштагы 4 нускадагы китепти белекке берди. Бул эмгек жеке эле Милиция кызматкерлери үчүн эмес архивдик маалыматтарды урматтап, билимин тереңдеткен жаштарга жогорку окуу жайлардын студенттерине, курсанттарына, жалпы эле кара кыргыз тарыхын сыйлаган атуулдарга багытталган эмгек.
Каныбек Бокоевге жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!


04/09/2023
04/09/2022
Куттуктоо
Урматтуу Жедигер Ибраимович!
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекетик университетинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атынан Сизди, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамын алышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сыйлыгыңыз НМУнун илимий китепканасындагы музейдин баалуу сыйлыктардын катарын толуктады. Талыкпаган кайратман эмгегиңиз менен бийиктиктерди багындырдыңыз. Сиз басып өткөң жол адамдык асыл сапаттар менен коштолуп, жараткан чыгарамарыңыз аркылуу студенттерге үлгү болуп келесиз. Мындан ары да эл-жериңизге жаңы мыкты чыгармаларды жаратат деген ишеничтебиз.
Ишиңизде ар дайым ийгилик болуп, талыкпаган күч-кубат коштоп жүрсүн. Үй-бүлөңүз менен бакубат турмушта жашап, денсоолугуңуз чың болушун каалайбыз.
Терең урматтоо менен
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик
университетинин ректору, п.м.а. Э.М. Байбагышов.


23/09/2022
23/09/2022


27/05/2022
27/05/2022


11/05/2022
11/05/2022


28/04/2022
28/04/2022



30/04/2021
30/04/2021
30-апрелде Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында «Мендеги жакшы сапаттар учун мен китепке милдеттуумун» атту адабий кече болуп отту. Алгач Саалаевдин окуу залынын жана электрондук залдын ачылыш аземи болуп, ленталар кесилди НМУнун ректору Э. Байбагышов кечени ачып, анын максаты менен тааныштырды.
Кеченин коноктору:
Ж.Саалаев, акын, журналист, юрист, Койчуман Казакович Момункулов, КР Китеп палатасынын директору;
Кыялбек Урманбетов, кыргыз эл акыны;
Гүлжамила Шакирова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Бурулкан Сарыгулова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Тынара Абдыразаева, КР эл артисти катышышты.
Ж.Саалаевдин «Манас дух» китебинин бет ачары болду. Китеп тууралуу автор кенен маалымат берди. Ж. Саалаевдин, К. Урманбетованын, Г. Шакированын чыгармаларынан педагогика факультетинин студенттери корком окуп беришип, озгочо таасир алышты. Ошондой эле Ага хандын онуктуруу программасы аркылуу китепкана заманбап технологиялар жана экономика тармагындагы китептер менен камсыз болгону студенттердин билим алуусуна чон оболго экени баса белгиленди. Ж. Саалаевге «Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Борбордук Азия университетине ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой кечеге катышкан Ала Тоо университетинин китепкана окулдору, Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасынын директору А. Байгабатова куттуктоо соз айтып, алып келген китеп белектерин тапшырышты. Илимий китепкананын фондусун акындар алып келген китептер толуктады. Жыйынтыгында активдуу, позитвдуу окурман окутуучу, студенттерге грамоталар, белектер тапшырылды. Буд иш чара китеп адам баласынын алмашкыс байлыгы экенин тастыкдады.



23/04/2021
23/04/2021
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
«Тааныткан тегиз ааламды, китепсиз дуйно карангы». Китеп байлыктардын байлыгы. Ошол байлыкты сактап, топтоп, жайылтууну китепкана ишке ашыруууда. Китеп акылга, ыймандуулукка, адептуулукко үндөйт. Буткул дүйнөлүк китеп күнүнө карата НМУ нун Ж. Саалаев атындагы китепканасында педагогикалык, медициналык, агрардык- экономикалык колледждердин студенттери китеп кунун белгилешти. Алар учун семинар тренинг уюштурулду. Тренер НМУнун филология факультетинин студенти Н. Кубанычбекова жана китепкана кызматкерлери студенттер учун жагымдуу маанай түзүп, китептин мааниси, баалуулугу тууралуу кызыктуу ангемелешишти. Катышуучулар топтордо иштеп, бир жылда окуй турган китептердин жадыбалын түзүштү. Китепкананын алдындагы «Дилгир окурман» клубунун мүчөлөрү тарабынан «Китепкой окутуучу» конкурсу мугалимдер арасында жарыяланды. Тренинг белектер, концерттик номерлер менен коштолду. Активдуу окурмандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.



07/03/2021
07/03/2021
НМУга Кыргыз эл акыны Кожогелди КУЛТЕГИНДИН китептери тапшырылды.
Ар бир өлкөнүн атак даңкын дүйнө элине таанытууда акындардын салымы зор.
Бүгун, 2021-жылдын 7-март күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде дагы бир жакшы саамалык болду.
НМУнун Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепканасынын китеп фонду Кыргыз элинин сыймыгы болгон акындын баа жеткис китептери менен толукталды. Атап айтсак, Кыргыз эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Түрксой эл аралык уюмунун Алтын медалынын ээси Кожогелди Култегин өзүнүн чыгармалар жыйнагынын беш томдугун НМУга белек кылды.
Бул жолугушуу НМУнун илимий китепканасында уюштурулду. Бул саамалыкка китепкананын аты ыйгарылган Ж.И.Саалаев да катышты. НМУнун ректору Э.М.Байбагышов меймандарды кабыл алып, жетекчиликтин, профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин атынан ыраазчылык билдирип, — бул китептер өз окурмандарын табат, — деп баса белгиледи.



04/03/2021
04/03/2021
Айымдардын эл аралык күнүнө карата НМУда Агрардык — экономикалык колледж тарабынан уюштурулган «Университеттин универсал айымдары» аттуу майрамдык конкурс өткөрүлдү. Катышкан 8 команданын ичинен Илимий китепкана жана Мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан турган айымдардын командасы байгелүү экинчи орунду ээледи. Жеңишиңиздер менен! Окуу жайдын баардык айымдарын китепкананын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин.


03/03/2021
03/03/2021
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Жедигер Саалаев атындагы Илимий китепканасынын китеп фондусу эң бир баалуу кенч болгон табылгыс китептер менен толукталды. Ага Хандын Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча уюму «Тоолуу университеттердин өнөктөштүгү» программасынын алкагында 2021-жылдын 3-мартында басымдуу бөлүгүн экономика тармагы боюнча кийинки жылдарда гана басмадан чыккан жаңы окуу китептери, окуу-усулдук эмгектер түзгөн абдан баалуу басылмалардын топтомун кайтарымсыз түрдө тартуулады. Бардыгы болуп китепканага 66 аталыштагы 310 нуска китеп келди. Алардын жалпы наркы 570 440 сомду түзөт. Көпчүлүгү экономиканын, менеджменттин, маркетингдин маанилүү көйгөйлөрү боюнча учур үчүн актуалдуу изилдөөлөргө негизделген бул окуу китептеринин дээрлик бардыгы 2019−2020−2021-жылдарда басылып чыккан. Башкача айтканда, бул эмгектер илимдеги эң жаңы маалыматтарды камтышат. Алар окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана студенттери үчүн баа жеткис белек болуп калды. Китепкананын текчелеринен орун алган бул окуу-усулдук адабияттар азыр өз окурмандарын күтүп жатат. Буларды окуп-үйрөнүү, окуу процессинде пайдалануу тоолуу аймактагы университеттин окутуучулары менен студенттеринин билим деңгээлинин жогорулоосуна абдан зор таасир кылат.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги, жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттик жамааты Ага Хандын Өнүктүрүү уюмунун өкүлү Мародасеинов Алиёр мырзага окуу-усулдук адабияттар менен камсыздоого көмөк көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле мындан ары да билим берүү, илим изилдөө жаатындагы, андан сырткары социалдык өнөктөштүк боюнча өз ара пайдалуу кызматташтык үзгүлтүксүз улана берерине ишендирет.



22/02/2021
22/02/2021
22.02.2021 — жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттеринин демилгеси менен «Китеп биздин доордун күзгүсү» аттуу долбоордун алкагында иш чара өткөрүлдү. Кечеде студенттер тарабынан китептин баалуулугу тууралуу маалыматтар берилди, викториналык суроолорго студенттер активдүү жооп беришти. Факультеттин деканы Э. Бектурова, кафедра башчысы Ш. Султаналиева, Ж. Саалаев атындагы Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, окутуучу М. Бакиров студенттерди китеп окууга үндөдү. Кече студенттердин концерттик программасы менен коштолду.
Жыйынтыгында аталган факультет тарабынан Илимий китепкананын фондусуна ар кыл тармактагы 50 нуска китеп белекке берилди. Китепкананын жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз, бул китептер өз окурмандарын табат деп ишенебиз.



20/03/2025

Кыз-жигит оюну «Сармерден 2025»
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсанды руханий — адеп — ахлактык жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы», «Улуттук нарк» жөнүндө жарлыктарын ишке ашырууда, «Нооруз» майрамына карата С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы тарабынан уюштурулган «Сармерден — 2025» кыз-жигиттер айтышы 2025-жылдын 20-мартында болуп өттү. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева, бул таймаш буга чейин Агрардык техникалык-экономикалык жана К. Мамбетакунов атындагы Педагогикалык колледждин студенттеринин арасында болуп өткөнүн белгиледи. Ал эми бүгүнкү таймаш Агрардык-техникалык факультеттин уландары жана Педагогикалык факультеттин кыздары арасында уюштурулду. Жобого ылайык катышуучулар 10 бөлүктөн турган тапшырмалар боюнча ат салышты. Алар: саламдашуу, ыр жанры боюнча тамашалуу ыр, элдик ыр, макал-лакап, жаңылмач, ак ийнек айтышуу, кыргыздын каада-салтын көрсөтүү менен иш чараны шаңга бөлөдү.
Калыстар тобунун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти С. Көгөева, Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин Нарындагы филиалынын жетекчиси С. Иманалиев жана Педагогика колледжинин директорунун орун басары Б. Сыдыгалиева эки команданын таймашын калыстык менен карап беришти. Жыйынтыгында Педагогика факультетинин кыздары 1-орунга суурулуп чыкты. Уландар командасы да кем калышкан жок. НМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Э. Саргашкаев өз сөзүндө студенттерди ар дайым окууда да, коомдук иштерде да активдүү болууга чакырды. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды жана дипломдорду тапшырды. Ыраазычылык каттар берилди. Илимий китепкана тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Кийинки кезек экономика факультетинин уландары жана филология факультетинин кыздарына узатылды. Сармерден оюну кызыктуу өтүп, улуттук баалуулуктарды сактоо жана студенттерди маданий жактан өнүктүрүү болгон максатына жетти.
Урматтуу катталуучулар жана окуу — жайдын жалпы жамааты, студенттер! Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Орозоңуздар кабыл болсун! Табият жаңылангандай ар бириңиздердин жан дүйнөңүздөр жаңылансын, аруулансын!
Урматтоо менен Илимий китепкананын жамааты.