Урматтуу С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери!

2020-жылдын 29-октябрында АУЦА университетинин китепканасы аркылуу «EBSCO Host» компаниясы ачык порталы боюнча вебинар өтүлдү. Бул «EBSCO Host» компаниясы 1984-жылы түптөлүп, азыркы күнгө чейин иш алып барып келет, компаниянын сайтында 600 000ден ашык журналдар жана илимий эмгектер жүктөлгөн. Ошондуктан, биздин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканага 30.11.2020-жылга чейин «EBSCO Host» базасына тест түрүндө кирүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Сайтка кирүү үчүн логин жана паролду Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасынан алсаныздар болот. Биздин электрондук дарек biblio. nsu@rambler.ru

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *