С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 24 жыл

​2020-жылдын 22-майында Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде анын түзүлгөнүнүн 24 жылдыгына арналган «Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ЖОЖдордун ролу» аттуу онлайн-конференция уюштурулуп өткөрүлдү. Конференциянын модератору катары университеттин ректору, п.и.д., профессор Т. М. Сияев өзү чыкты.
​Конференциянын ишине КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н. К. Өмүров, КР Маданият жана туризм министринин орун басары К. Иманалиев, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Касенов, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, п.и.д, профессор Э. Мамбетакунов, т.и.д., профессор Т. К. Чоротегин, университеттин мурдагы ректорлору — ф.и.к., профессор А. Акматалиев, п.и.д., профессор С. Калдыбаев, Кыргыз-өзбек университетинин ректору Ч. К. Райымбаев, Баткен мамлекеттик университетин ректору А. Зулпуев, НМУда мурда иштеп кеткен, анын түптөлүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон Т. Б. Атанаев ж.б., университеттин профессордук-окутуучулук курамынын көпчүлүк өкүлдөрү катышты.
​Конференция эркин пикир алышуу маанайында өттү. Анын катышуучулары өз сөздөрүндө жогорку билим берүүнүн ар түрдүү проблемаларын козгоо менен бирге санариптештирүү маселесине да көӊүл буруп жатышты. Анткени, учурда бүткүл республикабызда мектептер, атайын орто окуу жайлар жана жогорку окуу жайлар окуу процессин онлайн форматта өткөрүп жатышат. Натыйжада, мурда ойго келбеген түрдүү проблемалар жаралып, аларды чечүүнүн жолдорун издөө активдүү жүрүүдө.
​Конференциянын алкагында НМУнун ар кайсы жылдардагы, ар түрдүү адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн видеокуттуктоолоруна да кенен орун берилди. Алар Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жатышканын биле алдык. Ошондой эле НМУдагы окуу-тарбия иштери, илимий-изилдөө иштери ж.б. маселелер боюнча проректорлор кыскача баяндамалар жасашты. Факультеттердин, колледждердин эмгек жамааттары иштеп чыккан майрамдык маанайдагы видеокуттуктоолор көрсөтүлдү.
Конференциянын катышуучуларынын жалпы саны сексенден ашып, анын жүрүшү үч жарым сааттан ашуун убакытка созулду.
Иш-чаранын аягында университеттин алдында турган кечиктирилгис милдеттер белгиленип, онлайн-окутуу жаатында өзгөчө эмгек сиӊирген кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылганы жарыя айтылды.
Бул конференция санариптештирүү университеттин учурдагы билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып баратканын ачык көрсөттү. Санариптик билим берүү окутуунун жаӊы моделдерин түзүүнү, жаӊы ыкмаларын иштеп чыгууну талап кылаары, бул окутуунун сапатын арттырууга да таасир этээри көрүнүп калды.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *