


Мааракелик иш-чаранын алкагында университеттин аймагын жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө багытталган өзгөчө демилге ишке ашырылды. Акциянын жүрүшүндө окуу корпустарынын айланасына жаңы көчөттөр жана түрдүү гүлдөр отургузулуп, билим берүү мекемесинин айлана-чөйрөсүн көрктүү жана жагымдуу кылууга салым кошулду.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлер жана студенттер катышып, жалпы эмгектин үлгүсүн көрсөтүштү.