«Кызматташтык менен келечекке карай» аттуу сүрөт көргөзмөсү.

2023-жылдын 19-майында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде
педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан «Кызматташтык менен келечекке
карай» аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынан С. А. Чуйков атындагы
Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынан чебер сүрөтчүлөр, окутуучулар И. Чаланов, Ж.
Шакиров, А. Исаковалар келишип, өздөрүнүн студенттеринин колдоррунан жаралган сүрөттөрдү
көргөзүштү. Сүрөт көргөзмөгө Нарын шаарындагы орто мектептердин окуучулары катышып,
көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдү бир элес менен тартып өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Сүрөт көргөзмө
жогорку деңгээлде өтүп, эң жакшы тарткан сүрөт үчүн 1−2-3-орунду алган окуучулар университет
тарабынан сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле НМУнун педагогика жана окутуунун
технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун
мүчөсү Ж. Т. Мамбеталиевге жогорудагы келген коноктор тарабынан белек берилди.
Университетке келген меймандарга атайын кызматташтык үчүн НМУ тарабынан ыраазычылык
каттар тапшырылды.
НМУнун пресс-кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *