Борбордук Азия университетинин студенттери Нарын мамлекеттик университетинин маданий борборлору менен таанышып чыгышты

24-ноябрда Борбордук Азия университетинин «Кыргыз тили» курсун окуп жаткан студенттери С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин эл аралык маданий борборлору менен таанышып чыгышты. Нарын мамлекеттик университетинде уюштурулган 8 эл аралык маданий борборлор студенттерге жана шаардын калкына чет тилдерди үйрөтүү жана башка өлкөлөрдүн маданияты менен тааныштыруу вазифасын аткарышат:

  • Америка таануу борбору;
  • Немец тили жана маданияты борбору;
  • Корей тили жана маданияты борбору;
  • Түрк тили жана маданияты борбору;
  • Кытай тили жана маданияты борбору;
  • Араб тили жана маданияты борбору
  • Ч. Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты борбору;
  • Орус тили жана маданияты борбору;

Студенттер маданий борборлордун ишмердиги, чет тили курстарынын жүрүшү менен таанышып, окутуучулардын чет тили курстары жөнүндө пикирлерин угушту. Таанышуу саякатына келген студенттерди Борбордук Азия университетинин кыргыз тили окутуучусу Чымырбаев Акылбек Кусейинович жетектеп келген.

Сүрѳттѳрү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *