БИЛИМ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

Урматтуу С. Нааматов атындагы НМУнун студенттери, окутуучулар жамааты жана эмгек жамааты!

Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Бул жыл биз үчүн өзгөчө жыл, анткени университетибиздин 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Чейрек кылым — бул университет үчүн талыкпаган эмгекти талап кылган, калыптануу жана өнүгүү мезгили. Бул жылдары биз өзүбүздү Кыргызстандагы эң мыкты университеттердин бири катары тааныта алдык. Ар кайсы тармакта эмгектенген бүтүрүүчүлөрүбүз өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошуп келе жатышат. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү көптөгөн университеттер менен байланыш түздүк. Биздин студенттер бул өлкөлөрдө билим алууга, стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Университетибизде алган билиминин аркасында студенттерибиз көптөгөн сынактарга, конференцияларга жана олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет.

Кадырман студенттер! Бүгүн сиздер биздин Нарын мамлекеттик университетинин ынтымактуу үй-бүлөсүнө кошулуп жатасыздар. Сиздерди алдыда кызыктуу жана окуяларга бай студенттик жашоо күтүп турат. Өзүңүзгө ишенип, талыкпай эмгектенип, университетте билим алуу менен чектелбей, илимий, маданий, спорттук турмушка активдүү катышып, университетибиздин каада-салттарын татыктуу улантуучулардан болуңуз. Биздин университет сизди бардык аракеттериңизде колдоого даяр!

«Билимдүүгө дүйнө жарык» дегендей, биздин университетте алган билимиңиз сиздин жашоо жолуңузда жаркыраган жарык жылдыз болуп жанып турушун каалайм!

Ар бириңиздерди жетишкендик жана жаңы жеке ийгиликтер коштоп жүрсүн! Жаңы окуу жылы жаркын ачылыштардын жылы болсун. Бардык жагынан ийгилик бизди коштоп жүрсүн, ошондо бардык пландарыбыз ишке ашат!

Эң күчтүү, дымактуу идеяларды ишке ашыруу үчүн сиздерге бакыт, денсоолук, күч-кубат каалайм! Майрамыңыздар менен, кымбаттуу достор!

НМУнун ректору Таштанбек Сияев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *