МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ
Магистратура бөлүмүнүн башкаруучулук түзүмү
Магистратура бөлүмүнүн директору — п.и.к., доцент Султаналиева Шайыркүл Карыпбековна
Директордун орун басары жана жетектөөчү адис- Рысалиева Динара Шайлооевна;
Башкы адис — Бердикожоева Назгул Чымырбековна;
Лаборант — Орокбаева Нурзада Таалайбековна.
Магистр — бул илимий чыгармачылыктын методологиясына жана методикасына, азыркы маалыматтык технологияларга, ар түрдүү маалыматты анализдөөжана синтездөө көндүмдөрүнө ээ, илимий — изилдөөчүлүк милдеттерди өз алдынча чечүүгө, долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жөндөмүү, илимий — изилдөөчүлүк, талдоочулук жана педагогикалык ишмердүүлүккө даярдалган кеңири эрудициялуу адис.
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура бөлүмү 2008-жылдын 7-июнундагы НМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Эл аралык магистердик борбору болуп уюшулган.
2009-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо мамлекеттик инспекциясынын чечими менен № 15/10 протоколунун негизинде лицензия № 338, каттоо № 1−447 негизинде алты багыт боюнча магистранттарды даярдоого уруксат берилген:
Менеджмент
Экономика
Автоматташтыруу жана башкаруу
Педагогика
Философия
Саясат таануу
