«Акыл-Ордо» таймашы

Бүгүн, 4-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык- техникалык факультетинде информатиктер күнүнө карата маалыматтык технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган «Акыл-Ордо» таймашы болуп өттү. Таймашка НМУнун бардык факультеттеринин жана колледждеринин студенттери катышышты. Таймаштын максаты студенттерди тереӊ билим алууга, атаандаштыкка, өз ара достукту бекемдөөгө багыттоо болуп саналат. Аталган таймаш жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында агрардык-техникалык факультеттин студенттеринен куралган «Барчын» командасы 1-орунду, филология факультетинин студенттеринен турган «Теӊир-Тоо» командасы 2-орунду, Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин студенттери түзгөн «Мурас» командасы 3-орунду камсыз кылып, 1−2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
НМУ пресс-кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *