Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы талкууга алынды

2017-жылдын 28-декабрында Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасын 2018−2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы. Таза коом. Жаӊы доор» стратегиялык документинин долбоору талкууланды. Ачык талкууга университеттин «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Финансы жана менеджмент», «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедраларынын окутуучулары, университеттин жетекчилиги жана студенттик жамааттын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар өнүгүү стратегиясынын долбоору боюнча өз пикирлерин айтышып, талкуу ачык-айрым аӊгемелешүү форматында жүрдү. Маектешүүнүн жүрүшүндө стратегиянын долбооруна бир катар сунуштар айтылды. Талкуунун жыйынтыгында аталган мамлекеттик документтин долбоорун колдоо жана айрым өзгөртүүлөрдү сунуштоо жөнүндө резолюция кабыл алынды.

Cүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *