Япон агенттигинин Эл Аралык Кызматташтыгынын волонтерлор программасынын координаторунун визити

2017- жылдын 29- ноябрында Япон агенттигинин Эл Аралык Кызматташтыгынын волонтерлор программасынын координатору Миуа УЭДА айым жана волонтерлор программасынын ассистенти Жумагулов Алмаз С. Нааматов атындагы НМУга атайын визит менен келип кетишти. Конокторду НМУнун ректору, профессор Дамира Кемеловна Омуралиева кабыл алып, келечектеги кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Жолугушууга НМУнун окуу иштери боюнча проректору Азиз Карыбекович Чолпонбаев, Билим берүүнүн сапат менеджменти борборунун башчысы Илмира Кубанычбековна Шерматова жана кафедра башчылары катышты.

Кызыктуу пикир алышуудан кийин коноктор Япон борборунда, Педагогикалык илим-изилдөө лабораториясында, «Педагогиканын жана окутуунун технологиясы» кафедрасында болушуп, профессорлук- окутуучулук курам менен баарлашып, келечекте мектепке чейинки билим берүү багытында келе турган волонтердун ишмердүулүгүнө коюлуучу талаптарды иштеп чыгышты.

Фото

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *