





2026-жылдын 12−27-апрели аралыгында Вена техникалык университети Ачык илимдин эл аралык стандарттарына ылайык изилдөө маалыматтарын башкаруу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган долбоорун Вена техникалык университетинин доктору Андреас Раубер, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин C. Нааматов Нарын институтунун Маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучусу Осмонова Б.М., КМТУнун Энергияны калыбына келтирүү кафедрасынын доценти Дегембаева Н.К., А. Жайнаков атындагы маалымат системалары жана технологиялары кафедрасынын доценти Аманкулова Н.А., изилдөө маалыматтарын башкаруу жаатында биргелешкен эл аралык демилгени ишке киргизүүдө.
Демилгенин негизги багыты — изилдөө маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн, өз ара аракеттенүүсүн жана кайра колдонулушун камсыз кылган FAIR принциптерин ишке ашыруу болуп саналат. Тараптар алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүп, Вена техникалык университетинин ийгиликтүү чечимдерин Кыргызстандын изилдөө экосистемасына ылайыкташтырууда.
Өнөктөштүктүн негизги багыттары:
1. Маалымат инфраструктурасын өнүктүрүү: институттук репозиторийлерди түзүү, DOI ыйгаруу, OpenAIRE платформасы менен синхрондоштуруу жана re3data, FAIRsharing сыяктуу эл аралык реестрлер менен интеграциялоо боюнча тажрыйбаны өздөштүрүү;
2. Изилдөө маалыматтарын башкаруу пландары (DMP): европалык жана улуттук грант берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык RDM пландарын иштеп чыгуу жана TU Wien куралдарын колдонуу;
3. Билим берүү жана тажрыйба алмашуу: изилдөөчүлөр, докторанттар жана маалымат адистери үчүн биргелешкен семинарларды уюштуруу, ошондой эле TU Wienде ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан «Изилдөө маалыматтарын башкарууга киришүү» (3 ECTS) курсун жайылтуу.
Бул демилге Кыргызстандын илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык илимий мейкиндикке интеграцияланууга маанилүү салым кошот.