Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун 2023-жылдын 29-июнундагы отурумунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин профессорунун милдетин аткаруучу, филология илимдеринин доктору Жантаев Адилбек Сүйүндүковичке «Адабият таануу» адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамын ыйгаруу туурасында чечим чыгарылган. Аталган инсан бул окумуштуулук наамга университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы отурумунда, № 17/4.1-протокол менен сунушталган. Улуттук аттестациялык комиссия талапкердин аттестациялык көктөмөсүн кылдат карап чыгып, натыйжада университеттин сунушун колдоп, профессорлук наамды ыйгаруу жөнүндө оң чечим кабыл алган. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин администрациясы жана Окумуштуулар кеңеши калыс чечими үчүн Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумуна терең ыраазычылык билдирет.
Ушуга улай, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын Төрагасынын орун басары, башкы окумуштуу катчы, экономика илимдеринин доктору, профессор Асизбаев Рустам Эмилжанович 2023-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында Жантаев Адилбек Сүйүндүковичке «Адабият таануу» боюнча профессордун аттестатын жана төш белгисин тапшырды.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин администрациясы, жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана профсоюз уюму филология илимдеринин доктору Жантаев Адилбек Сүйүндүковичти «Адабият таануу» адистиги боюнча профессорлук наамга ээ болушу менен чын дилден куттуктайт.