«Студенттин өз алдында иши» конкурсу болуп өттү.

Бүгүн, 14-апрелде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Студенттин өз алдында иши» конкурсу болуп өттү. Конкурска окутуучулардан комиссия түзүлүп, университеттин бардык факультеттеринин, Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышышты. Конкурстун максаты, студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу, окуп жаткан илим-билимин практикага айкалыштырууга үйрөтүү болуп саналат. Конкурста студенттер өздүк иштерин презентация жасап, андан тышкары өздөрү жасаган кол эмгектерин көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгында мыкты катышкан студенттер аныкталып, жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *