НМУ карантинге байланыштуу сабактарды он-лайн режиминде өткөрүүдө
Нарын мамлекеттик университети республикабызда болуп жаткан жагдайга байланыштуу убактылуу студенттерди таратып, аралыктан окутуу тартибине өткөн. Бардык сабактар он-лайн режиминде өткөрүлүп, окуу программасы үзгүлтүккө учураган жок. Он-лайн сабактар Zoom, Moodle, AVN программалары, электрондук почта, Whatsapp социалдык тармактары аркылуу жүргүзүлүүдө. Профессордук-окутуучулук жамаат видеосабактарды уюштуруп, ар бир студент менен кайтарым байланышты улантууда.
администратор
0