Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

2019-жылдын 21−25-январында Бишкек шаарында Кыргыз-Турк «Манас» университетинин ректорлугунун жана Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын Кубогу үчүн шахмат боюнча өткөрүлгөн мелдешке Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү ийгиликтүү катышып келишти.
Аталган мелдешке Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы катышты. Мелдешке катышууга Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Токтожусуп уулу Самат, Ажыгулов Нурмат, Медетбекова Бермет жана Садыкова Айпери жолдомо алышып, аларды шахмат боюнча машыктыруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Макеев Арзымкан Касымович жетектеп барып келди. Нарындын студенттери мелдешке активдүү катышып, сертификаттарга ээ болушту. Ажыгулов Нурмат балдар арасында жекече биринчиликке ээ болду.
Университетибиздин шахматисттерин жеӊиши менен куттуктайбыз жана мындай ийгиликтердин улана беришине тилектешпиз!

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *