Нарын университетинин окумуштуулары эл аралык он-лайн илимий конференцияга катышышты

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Унаа жана машина куруу» факультети тарабынан 11-май, 2018-жылы онлайн режиминде уюштурулган эл аралык конференцияга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын докторанты, т.и.к., профессордун м.а. Э.Д.Молдалиев жана анын аспиранты К.Ж. Мамбеталиева илимий изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты.

Эл аралык конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын техникалык адистиктеринен сырткары Москва авто-жол мамлекеттик университетинин, Ташкент авто-жол институтунун, Омск катнаш жолдору мамлекеттик университетинин, Якут университетинин жана башка жогорку окуу жайлардын техникалык багыттагы окумуштуулары катышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *