Нарын мамлекеттик университетинде диний экстремизмге каршы тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

2018-жылдын 11-майында Нарын мамлекеттик университетинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук казыяттын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Диний экстремизм: себептери жана күрөшүү жолдору» деген темада тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге диний экстремизм деген эмне, Кыргызстанда азыркы учурда бул багыттагы абал кандай, аны менен кантип күрөшүү керек деген маселелерге укук коргоо органдарынын да, ислам дининин да көз карашынан маалымат берилди. Айрыкча «Ыйман» фондусу тарабынан «Диний экстремизм Кыргызстанда» деген темадагы видеоролигин көрсөтүү студенттерге чоӊ таасир берди.

Жолугушуунун аягында укук коргоо органдарынын жана казыяттын өкүлдөрү студенттердин суроолоруна жооп беришип, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү. Университеттин жетекчилиги бул багыттагы жолугушуулар, тарбиялык иш-чаралар мындан кийин да улантыларын белгилешти.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *