2023-жылдын 29-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик
университетинде «КЫРГЫЗ ШЫРДАГЫ — XIII» Эл аралык фестивалынын
алкагында «Кол өнөрчүлүк боюнча салттуу билимдердин учурдагы мааниси»
аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Конференцияны НМУнун илимий иштер боюнча проректору А. Жантаев
ачып, кол өнөрчү айымдарга ийгилик каалады. Конференцияга жети
облустан кол өнөрчү айымдар келип катышышты. Ошондой эле КРнын
Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана
инновациялар мамлекеттик агенттигинин автордук жана чектеш укуктар
башкармалыгынын башчысы Ы. Турсуналиева, А. Молдогазиева жана КРнын
Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана
инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык
менчиктин мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Т.
Муктаровдор баяндама жасашты. Ошондой эле С. Нааматов атындагы
НМУнун эки окутуучусу, доцент, т.и.к. Г. Эсеналиева «Кыргыз
шырдагындагы оймолордун өзгөчөлүктөрү» боюнча баяндама жасады жана
доц.м.а., ф.и.к. Т. Дүйшеева «Кыргыз материалдык маданиятындагы „бугу
мүйүз“ оюусунун мааниси» тууралуу баяндама жасады.
НМУнун пресс кызматы