«Кесипке багыт берүү» тегерек столдо

11-февралда кызматташ уюмдардын «Кесипке багытоо боюнча аткарылган иштер жана 2020-жылга карата иш-пландарды аныктоо» темасында кезектеги отурум Нарын райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп өттү. Отурумга «Кесипке багыт берүү» долбоорунун пилоттук № 1 Токтогул атындагы, № 5 К. Жакыпов атындагы, № 7 М. Сыдыков атындагы, № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептери, С. Нааматов атындагы НМУнун Илим бөлүмү жана Карьера борбору, мамлекеттик жумуш берүүчү мекемелер, JIA ассоциациясы жана башка уюмдары катышты.

Нарын райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Германиянын Эл аралык кызматташтык (GIZ) коомунун колдоосу менен Нарын шаарында «Кесипке багыт берүү» доолбоорун ишке ашырып келет. Ошондой эле, «Өз ара түшүнүү жөнүндөгү» меморандумдун алкагында кызматташ уюмдар ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.
НМУнун басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *