«Келечекте жаңылбоо үчүн өткөндү билүү керек» Саясий ишмер Т. Усубалиевдин 100 -жылдыгына арналган адабий-илимий кече.

2019 жылы 17-октябрда саат 11:00 НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасынын № 1 окуу залында Т.Усубалиедин 100 жылдыгына карата «Келечекте жанылбоо үчүн өткөндү билүү керек» аттуу темада адабий-илимий кече өткөрүлдү. Китепкананын директору Г. Кыдыралиева кеченин максаты: Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздын ишмердүүлүгү аркылуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана өз эли журту, ата мекени үчүн талыкпаган кызмат кылуу сезимдерин ойготуу экенин баса белгиледи. Т. Усубалиевдин өмүрү, басып өткөн жолу, кыргыз эли үчүн жасаган эмгектери тууралуу видео ролик көрсөтүлдү.

Китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулган «Улут сыймыгы унутулбайт» аттуу китеп көргөзмөгө баяндама берилди

НМУнун илимий иштери боюнча проректору А. Жантаевдин" Т. Усубалиев-тарыхый инсан", филисиофия илимдеринин кандидаты С. Иманалиевдин «Доор адамы- Т.Усубалиев» деген темада жасаган баяндамалары студенттер үчүн абадан кызыктуу болуп, көптөгөн суроо, жооптор менен коштолду. НМУнун филология факультетинин 1-курсунун студенттери тарабына улуу инсан тууралуу көркөм окууга да орун берилди.

Жыйынтыгында студенттер Турдакун Усубалиев өмүр бою «Кыргызстан» деген үйдү курганын, курганда да өзүнүн көрө билгендиги, тазалыгы, чынчылдыгы, уюштуруучулугу, жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги менен азыркы жетекчилерге да, жаштарга да барыбызга чоң өрнөк экенине ынанышты. Кечеге НМУнун, колледждердин студенттери катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *