«Интеллектуал студент» акыл таймашы

Үстүбүздѳгү жылдын май айында «Ыйык Ата Журт Нарын» коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган «Интеллектуал студент» акыл таймашынын финалдык оюну Нарын шаарындагы жаштар ордосунда ѳткѳрүлдү. Бул оюнга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тѳрт факультетинин студенттери 16 тайпа болуп катышышты. Командалык беттештен сырткары команданын капитандарынын да беттеши ѳткѳрүлдү. Финалдык оюндун жыйынтыгында филология факультетинин «Филология 3» командасы баш байгени камсыздап, фонд тарабынан 5000 сом сыйлыкка жана дипломго арзыды. Ал эми экинчи орунду «Филология 1» командасы камсыздап, 4000 сом байге жана диплом тапшырылды. Үчүнчү орунга, алынган баллдары бирдей болгонуна байланыштуу кийинки эки команда ээ болуп, ар бир командага 1500 сомдон акчалай сыйлык жана диплом тапшырылды.

Эске салсак бул акыл таймаштын максаты билимге, окууга кызыккан студенттердин башын бириктирип, аларды ѳз ара таанышууга жана пикир алмашууга ылайыктуу чѳйрѳ түзүп берүү:

- студенттерди, жаштарды так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүгѳ үйрѳтүү,

- таймаш аркылуу алдыда дагы бирдикте коом үчүн пайдалуу жана актуалдуу иш- чараларды уюштурууга башат болуу жана студенттердин тайпа болуп иштѳѳ жѳндѳмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *