«Ак калпак» күнүнѳ карата викторина өткөрүлдү

2017-жылдын 3-мартында Экономика, бизнес жана башкаруу факультетинде «Ак калпак» күнүнѳ карата викторина өткөрүлдү. Анда кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпактын маанилүүлүгүно басым жасалды. Бардык тайпалардын студенттери 6 топто командалык иш алып барышты. Кыргыз элинин каада-салты, улуттук оюндары, кыргыз кийимдеринин келип чыгуулары жана алардын турмуштагы маани-маңызына кеңири токтолушту. Иш чарага студенттер активдүү катышып, музыкалык номерлер жана логикалык суроолор менен коштолду. Калыстар тобунун мүчөлөрү НМУнун окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору Т.Өмүрканов, окутуучулар З. Исакбаева, А. Чоробек кызы болуп мыктыларды аныктап, сыйлыктарды тапшырышты. Иш чара факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары, окутуучу А. Оморованын жетекчилиги алдында уюштурулуп өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *