Байбагышов Эрмек Муратканович

Туулган датасы:25-сентябрь 1970-жыл
Туулган жери:Акталаа району, Нарын облусу
Билими:1995-жыл, Кыргыз айыл чарба институту
Адистиги:Окумуштуу-агроном
Илимий даражасы:2003-жыл, Айыл чарба илимдеринин кандидаты
Илимий наамы:2010-жыл, Экология адистиги боюнча доцент
Иш тажрыйбасы:1990-, 1995-жылдар, Ленин совхозу, агроном1996-жыл, Эл аралык кайрымдуулук корпусу, координатор1996−1998-жылдар, Германиянын айыл чарба федералдык илимий борбору, илимий кызматкер1998−2000-жылдар, Кыргыз агрардык академиясы, ага окутуучу2001−2008-жылдар, Борбордук азиялык тоо программасы, долбоорлордун регионалдык координатору2008−2013-жылдар, НМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү, башчы2008−2020-жылдар, НМУнун АТД кафедрасы, доцент, профессордун милдетин аткаруучу
Илимий макалалары:Жалпысы болуп 50дөн ашуун илимий макаланын автору
Чет өлкөлөрдөгү илимий стажировкалары:1994-жыл, Германия, Росток университети, практика2003-жыл, Лихтенштейн, жайкы мектеп2007-жыл, Израиль, агроэкология боюнча тренинг2009-жыл, Германия, Айыл чарбасын изилдөө федералдык борбору2011-, 2014-жылдар, Австрия, БОКУ университети2013-, 2014-, 2017-жылдар, Германия, Гумбольдт университети
Жетектеген долбоорлору:ТЕМПУС (DoQuP, HONOR, MAPREE), Эразмус Плюс (KyrMedu)2013−2015-жылдар, Германиянын Гумбольдт университети менен биргеликте «Өткөөл мезгилде социалдык институттардын өнүгүшү: ресурстарды коомдук башкаруу үчүн институционалдык өнүгүүгө түрткү берүү» аттуу изилдөө долбоору аткарган2015−2017-жылдар, Айхштет университети менен биргеликте «Борбордук Азиянын дарыяларынын (Тарим дарыясы, Циньзянь, Кытай жана Нарын дарыясы, Кыргызстан) боюндагы токойлорду туруктуу башкаруу үчүн потенциалды жогорулатуу жана экосистемалык баалоо» аттуу изилдөө долбоору аткарылган2014−2020-жылдар, Кумтөр ЖАКнун тапшырмасы боюнча «Нарын дарыясына экологиялык байкоо жүргүзүүгө көмөктөшүү» долбоорунун илимий жетекчиси
Чет тилдерди билүүсү:Англис, немис тилдери
Сыйлыктары:С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ардак ГрамоталарыНарын шаарынын мэриясынын Ыраазычылык катыНарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак ГрамотасыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак ГрамотасыГермания Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Ыраазычылык каты
Коомдук уюмдарда мүчөлүгү:1999−2008-жылдар, Кыргызстандын ДААД-стипендиаттарынын коомдук уюмунун вице-президенти, президенти2009−2014-жылдар, Нарын шаарынын жергиликтүү экономикалык өнүгүүсү боюнча жумушчу топ, мүчө2010−2017-жылдар, Глобалдык Экологиялык Фонддун Чакан Гранттар Программасынын (ГЭФ ЧГП) Улуттук Байкоочу Комитети, Нарын облусунан мүчө2015-жылдан баштап — академик А.М.Мамытов атындагы Кыргызстандын топурак таануучулар коому, президент2017−2019-жылдар, Жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча эксперттик команда, улуттук эксперт